• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Малайзиянын премьер-министринин сапары. Кандай макулдашуулар болот?

15 Бугу 202411:09 Бишкек Govori.TV

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге зор салымын кошот. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган.

«Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер — министри Анвар Ибрагим биргелешкен макулдашууларды кабыл алышат. Анда кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү максат кылынууда»,- деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Количество просмотров: 103