Белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу жаңы мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.
Ал жаңы мыйзам долбоорун окуп, изилдеп чыккан. Изилдеп чыккан соң, мамлекет жана анын саясаты исламга, мусулмандарга жана динчилдерге каршы эмес деп бүтүм чыгарган.
«Бул мыйзам биринчи кезекте мусулмандардын өздөрүн коргойт, долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлаары менен хиджаб кийүүгө тыюу салынганы тууралуу жалган маалыматтар чыга баштады», — деди Маликов.
Ал азыркы абалды дүрбөлөңгө салган — диний жана этникалык эки фактор бар экендигин белгиледи.
«Башка мамлекеттердин мисалынан бөлүнүп-жарылууга тышкы фактор кийлигишип жатканын көрүп жатабыз. Балким бул мыйзам долбоорун жакшы билбегендиктен, исламга каршы деп кабыл алынып жатканына мен капамын. Туура эмес түшүнүп же чечмелеп, хиджабга тыюу салынган деп жатышат. Чынында кеп бетти толук жапкан никаб жөнүндө болуп жатат. Биздин Уламалар кеңешинин да никаб биздин салт же парз эместиги жана мусулмандардын милдети эместиги жөнүндө чечими бар. Ал сырттан келген маданият», — деди дин аалымы.
Маликов социалдык тармактардын колдонуучулары да светтик радикалдар жана диний радикалдар болуп экиге бөлүнүп жатканын кошумчалады.
«Бул эки тарапты ээрчип кетүүнүн кажети жок, анткени мамлекеттик саясат исламды камтыган салттуу баалуулуктарды сыйлоого негизделет. Тескерисинче, мамлекет жамааттарга бөлбөй, биримдикти сактоого кызыкдар. Мыйзам долбоордогу тыюу салуунун хиджабга тиешеси жок, ал бетти толук жапкан никабга тиешелүү экенин түшүнүү керек. Адам укуктары боюнча эл аралык актыларда калктын көпчүлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу мыйзам бузуу болуп эсептелбейт», — деди Маликов.