Бүгүн Жогорку Кеңеште дин боюнча мыйзам долбоору Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде каралды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов бул мыйзам долбоору менен тааныштырып, кеңири түшүндүрмө берди.
А. Юсуповдун айтымында, ушул тапта Кыргызстанда 18 диний конфессия, 4330 катталган диний мекеме бар. Ошондой эле 3626 мечит, медресе бар экенин, акыркы үч жылдагы текшерүүдө алардын 1000ден көбү мыйзамсыз иштеп жатканын билдирди. Алардын көбү санитардык талаптарга, өрт коопсуздугуна жооп бербейт же салынбай турган жерлерге салынган.
Мындан тышкары, 1000ден ашык диний жайлардын 88и каттоодон өтсө, 120 мечитти каттоо такыр мүмкүн болбой жатат. Себеби алар эч кандай макулдашылбай туруп курулуп калган. Алардын арасында суунун жээгине, каналдын үстүнө курулуп калгандары бар.
Ал эми азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, мечитти курганга чейин алар жергиликтүү бийликке, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылышат. Мечит курууга муктаждык бар же жок экени аныкталган соң гана курулушу каралаары белгилүү болду.