• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамбеталиев: Ак илбирстин санын эсепке алуу үчүн фотокапкандар орнотулду

13 Үчтүн айы 2020 12:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө 300-500 баш ак илбирс байырлайт. Бул тууралуу Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин астындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев бүгүн, 13-январда маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Жыл сайын санак иш-чаралары уюштурулуп келет. Ал ачык-айкын жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ак илбирстин санын эсепке алуу максатында фотокапкандар колдонулууда. Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркаларында, Сарыташ-Эркештамда фотокапкандар коюлган. 2017-жылы 254 илбирс катталган болсо, 2018-жылы 324, 2019-жылы 330 илбирс байырлайт деген маалымат берилүүдө», -деп билдирди Мамбеталиев.

Белгилей кетсек, ак илбирс кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

Количество просмотров: 53