• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мамбетов: 82 жаштагы аял коронавирустан каза болгон эмес

28 Жалган куран 2020 14:35 Бишкек Govori.TV

Ала-Бука районунда 82 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.

“Ал адам коронавирустан каза болду деген сөз жалган. Ал киши чет өлкөдөн келген. Коронавирус боюнча алгоритмге ылайык ал 17-мартта Ала-Бука районундагы обсервацияга алынган. 20-мартта анализдин жыйынтыгында коронавирус жок деп аныкталган. Бирок ал кишинин улгайган жашына байланыштуу, мындан тышкары мурдагы оорулары козголуп, өнөкөт оорулары бар болгондуктан абалы оорлошуп кеткен. Бишкектен барган адистер дарылап жатышты. Бирок ага карабастан тилекке каршы түндө дүйнөдөн кайтты“,- деп билдирет Мамбетов.

Количество просмотров: 173