• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мамбетов: Оштогу мыйзамсыз курулуштар менен күрөш уланууда

1 Кулжа 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Оштогу мыйзамсыз курулуштар менен күрөш уланууда. Мындай пикирин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Govori.TVга билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп жатат.

«Бул ар бир эле аймактын көйгөйү. Учурда биз аларды мыйзам жолуна алып келүү аракетин кылып жатабыз. Биз деле кулуш компанияларга жардам берели деп, мыйзамдаштыруудабыз. Ал эми толук эле мыйзамсыз, шаардын кызыл чийининен чыккан курулуштар болсо, албетте алар жазасын алышы керек. Керек болсо үйлөрүн, курулуштарын түрттүрүү керек. Эгер биз баарына уруксат бере берсек, биринчиден шаарыбыздын көркүн жоготобуз. Экология бузулат, ошондуктан бул көңүл буруучу маселе», — деди мэр.

Количество просмотров: 143