• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто тез жардам кызматына жаңы имарат салынат

11 Чын куран 202610:20 Бишкек Govori.TV

Ошто тез жардам кызматына жаңы имарат салынат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу маалында айтты.
10-апрелде Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен ачык форматта жолугушуу өткөрдү. Үч саатка созулган иш-чарада жарандар жер маселеси, турак жай, компенсация, таза суу, мектеп, бала бакча жана жол көйгөйлөрүн көтөрүштү. Президент бардык маселелер мыйзам чегинде караларын айтып, тиешелүү органдарга тапшырма берди. Ошондой эле авариялык абалдагы тез жардам кызматынын ордуна жаңы имарат куруу тапшырылды.

Маалымат үчүн: 150 чарчы метрлик имаратка 2017-жылы Өгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп чечим чыгарылып, кооптуу деп таанылган. Имарат 1932-жылы салынып, ушул убакка чейин бир дагы жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Бул Ош шаарын тейлеген жалгыз тез жардам кызматы.

Количество просмотров: 106