• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамбетов Ошту өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди

1 Кулжа 202216:04 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Govori.TVга маек куруп, бир катар суроолорго жооп берди. Мэр учурда Ош шаарындагы чечиле турган көйгөлүү маселелердин ирээти менен чечүү жолун табуунун аракетин көрүп жатышканын айтат.

«Быйыл биз «тротуар жылы» деп жарыяладык. Өзгөчө пандемиядан кийин көп адамдар өзүнүн ден соолугун ойлонуп, көптөр жөө басканга умтула баштады. Бул жылы 200 миллиондон ашык сомго жөө өтмөктөрдү жасап жатабыз, учурда иштер жүрүп жатат. Буйурса 30дай көчөнүн тротуарын оңдоону максат кылуудабыз. Мындан тышкары биз мектеп, бала-бакчанын жетишсиздигин байкап жатабыз. Аларды санын көбөйтүү керек. Жана дагы биз өзүбүздү туристтик шаар деп атап, туристтерди шаарыбызга чакыруудабыз. Эми туристке да жагымдуу шарт түзүүбүз керек. Жакшы жол, жарык тротуарлар, туристтерге тааныштыра турган жайлар болуусу абзел», — дейт мэр.

Жана ошондой эле мэр Мамбетов санариптештирүүгө толук өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Анын айтымында, санариптештирүү шаардагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип, келген меймандарга да ыңгайлуу шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.

Алмаз Мамбетов белгилегендей, пландар абрын, бирок баары эле келип каражатка такалат.

«Баардык пландар келип эле акчага такалат. Андыктан бюджетти көтөрүү керек. Ал үчүн элге туура маалымат жеткирип, салык төлөтүү керек. Бирок эл деле салык төлөөдөн качкан жок, төлөйбүз деп атышат, жөн гана буга туура шарт түзүп берүү керек. Төлөйт десе эле келип чоң өлчөмдөгү салык салып салуу да туура эмес. Андан көрө аз салык болсо да, бирок баары төлөсө көбүрөөк пайда», — деди Мамбетов.

Ош мэри шаар өзүн-өзү багып, андан тышкары өлкө бюджетине да салым кошууга планы бар экенин белгилейт.

Количество просмотров: 208