• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамкаттоонун мурунку төрагасы Мамбетов Ош шаарына мэр болобу?

2 Баш оона 20210:13 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик катоо кызматынын мурунку төрагасы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга 2-августта киришет. Маалыматты Govori.TVга мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктады.

Маалыматка караганда, Алмаз Мамбетов мэриянын жамаатына эртең тааныштырылат.

Кошумчалай кетсек, 45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болгон.

Количество просмотров: 238