• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кармалды

17 Үчтүн айы 2022 20:39 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган.

Ага ылайык Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

Количество просмотров: 5208