• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Фамилиясын өзгөрткөн. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы төрагасы Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү?

31 Тогуздун айы 2021 13:54 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды.

Адилет Кубанычбековдун өмүр баяны тууралуу маалымат Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына жарыялана элек. Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, ал дүң соода-сатык кылган «“Silk Way” индустриалдык паркы» компаниясынын башчысы болуп эсептелет.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанаты учурунда.

Деген менен Кубанычбеков буга чейин фамилиясын алмаштырганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Юстиция министрлигинин маалымат базасында анын буга чейинки фамилиясы сакталып калганын көрүүгө болот.

Кубанычбеков 2008-жылы башкы прокурордун мурдагы орун басары болгон Кубанычбек Бакиевдин баласы. Юстиция министрлигинин сайтындагы ачык булактарда алар «Кыргыз Энерго Сбыт» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү катары катталган.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, ага бир нече компания катталган. Бардык фирмалар 2018-жылдан кийин пайда болгон.

Ал эми Кубанычбек Бакиев прокурордун орун басары болуп иштеп турганда балдары жоголгон КР жаранынан аларды таап берем деп 35 миң долларын алдамчылык жол менен алып, качып кеткен. Бакиевге 2008-жылы издөө жарыяланып, 2015-жылдын апрель айында кармалган. Кийин кылмыш иши анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Бакиев Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан. (Мурунку президент Курманбек Бакиевге туугандык катышы жок, фамилиялары гана окшош).

Количество просмотров: 6419