• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

29 Аяк оона 2023 16:21 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин Контролдук-инспектордук иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик нотариус Ж.М.Ж тарабынан жеке баюу максатында уюштурулган мыйзамсыз кирешелерди алуу механизми аныкталып, ага бөгөт коюлду.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ж.М.Ж. Кыргыз Республикасынын Ж.А.А. аттуу жараны менен алдын ала бүтүмгө кирип, нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жарандардан кошумча маалымдама жана башка документтер суратылып, аларды аткаруу ар кандай шылтоолор менен создурулган шарттар түзүлгөн. Аталган адамдар 2023-жылдын 29-сентябрында өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу максатында жаранга керээз боюнча мурастоо күбөлүгүн берүүнү создуктуруп, андан 10 миң сом талап кылышкан. Ошол эле күнү Ж.М.Ж. жана Ж.А.А. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Ж.М.Ж. жана Ж.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн башка фактыларын жана жабырлануучуларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш- чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 772