• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошто милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

16 Аяк оона 2022 9:23 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 158