• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппараты мындан ары ишкерлерди текшербейт

20 Үчтүн айы 202513:20 Бишкек Govori.TV

Салык кызматынын түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн ведомство жетекчилигинин жумалык жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын Инспекциялык башкармалыгы мындан ары ишкердик объектилерге карата жеринде көзөмөл жүргүзүү иш-чараларын жүргүзбөйт. Пландоо, талдоо, тобокелдиктерди баалоо, мониторинг, отчеттуулук жана методология — бул иш-чаралардын негизги спектри болот.

Ал эми ири бизнести негизинен борбордук аппараттын кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүлөрдү Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрү жүргүзөт.

Эксперттердин айтымында, мындай чечим коррупциялык компонентти азайтып, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө тийиш.

Количество просмотров: 208