2025-жылдын 11 айында алдыңкы тармактар бюджеттин салыктык түшүүлөрүн түзүүгө олуттуу салым кошту. Салык кызматынан билдиришкендей, түшүүлөрдүн түзүмү негизги тармактарда туруктуу динамиканы көрсөтүүдө.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы тоо-кен өнөр жай ишканалары бардык салыктык түшүүлөрдүн 20,6%, соода тармагы — 31%, финансылык кызматтар — 4,7%, курулуш — 5,6%, байланыш — 2,3%, электр энергетикасы — 2%, билим берүү — 1,5%, алкоголдук продукцияны өндүрүү — 1,7% камсыздады.
Акчалай көрсөткүчтөр менен алып карасак, тоо-кен тармагынан түшкөн салыктык кирешелер 2025-жылдын январь-ноябрь айларында айда 56,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көбөйдү. Соода тармагынан 84,6 млрд сом түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,4 млрд сомго жогору болду. Курулуш тармагында түшүүлөр 15,5 млрд сомго жетип, 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 6,3 млрд сомго ашты. Чакан жана орто бизнес 23,7 млрд сомду, же бардык салыктык түшүүлөрдүн 8,6 пайызын камсыздап, өткөн жылга салыштырмалуу 10,1 млрд сомго өстү.