• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы алмашты

5 Жалган куран 2024 11:01 Бишкек Govori.TV

Мелис Мураталиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге президент кол койгон.

Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев кызматынан бошотулганы бүгүн маалымдалган.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 2022-жылдын май айынан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматын аркалап келген.

Количество просмотров: 74