Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мелис Мураталиевди Улуттук комиссиянын жалпы жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Белгилей кетсек, президенттик администарция Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганын маалымдаган. Ордуна Мелис Мураталиев дайындалган.
Каныбек Осмоналиев бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган.