Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Канышай Мамыркулова менен жарандык активист Самат Алиевдин вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жазган доо арызын кароодон баш тарты. Анын себеби сотко бергендер атайы мамлекеттик алымдарды төлөбөгөнү болгон. Бул тууралуу журналист Канышай Мамыркулова билдирди.
Мындан улам журналист «Разаковдон аянба, калайык» деген марафон өткөрө турганын билдирип, бир сомдон чогултуп мамлекеттик алымдарды төлөп вице-премьерди кайрадан сотко берээрин айтты.
Эске салсак, 23-январда журналист менен жарандык активист вице-премьер -министрди сотко берген.Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков: «Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар» деп айткандыгын «куру айып» деп баалашып, доогерлердин ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.