Шайлоого нааразы болгон партиялар азыркы учурда 7,5 миңден ашуун кол топтошту. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде БШКнын алдында өтүп жаткан нааразылык акциясында «Кыргызстандын коммунисттер» партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев билдирди.
Анын айтымында кол топтоо дагы да уланат.
«Биз нааразылык акцияларыбызды акырына чейин улантабыз. Учурда 9 партия шайлоонун жыйынтыктарын жок кылууну талап кылып жатабыз. Бул боюнча кол топтоо жүрүп, азыркы күндө 7,5 миңдей кол топтолду, биз дагы да улантабыз. Шаардык кеңешке жалаң гана байлар өтүп кетишти», — дейт ал.
Белгилей кетсек, бүгүн шайлоого нааразы болгон партиялар митингге чыгышты. Алардын негизги талаптарынын бири шайлоону жокко чыгаруу болууда.