Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилге көтөрө турган депутаттык топ түзүлүп, ишин баштады.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышын эрте таркатуу сунушу жана ага негиз болгон жагдайлар такталып, кийинки жумада маселе күн тартибине чыгышы мүмкүн. Ушул тапта депутаттардан кол топтоо жүрүп жатат.
Депутат Дастан Бекешев 11-сентябрда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу демилгеге кол койбогонун, парламентте 30 депутаттын колу чогулуп калды деген маалыматтар бар экенин айтты.
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин кеминде 30 депутат көтөрүп, аны депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 61 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан кийин саясий иш-чара 45 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү зарыл.