«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүнтөн баштап ички каттамдар залы аркылуу бир гана кирүү жана чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
«Кыргызстандын аэропорттору” ААКдан билдиришкендей, аэровокзалдын оңдолушуна байланыштуу экинчи кире бериш убактылуу жабылды.
Мындан тышкары, 1-октябрдан баштап имаратка кирүү учууп келген жана учуучу каттамдардын жүргүнчүлөрүнө гана жеткиликтүү болот. Коштоочулар үчүн кирүү жабылат.
10-октябрдан тарта унаа токтотуучу жай убактылуу ишин токтотот. Аэропорттун имаратынын маңдайында, трассанын оң жагында жайгашкан унаа токтотуучу жайларды гана колдонууга болот.
Бардык өзгөртүүлөр терминалдын дагы бир бөлүгүн оңдоо үчүн жабууга байланыштуу.
Жүргүнчүлөрдөн саякаттарды пландаштырууда жаңы чараларды карап чыгууну жана бардык процедуралардан өтүү үчүн алдын ала кошумча убакыт бөлүүнү суранышат.