• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Манас» аэропортунан аткезчилик зер буюмдар кармалды

22 Аяк оона 2022 9:02 Бишкек Govori.TV

“Манас” аэропортунда 17,3 млн сомдук аткезчилик зер буюмдар кармалды.

Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, «Манас» аэропортунун аэровокзал комплексинде «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү тарабынан бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жаткан Өзбекстандын жети жараны сары металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

Белгилегендей, жарандар металл издегичтин рамкасы аркылуу өткөндөн кийин өзгөчө белги берилген. Металл издегичтин жардамы менен кошумча бажылык текшерип кароонун алкагында желим баштыкка салынган сары түстөгү металл зер буюмдары ич кийимдеринен, кээ бирлери шымдын чөнтөгүнөн табылган.

Кармалган зер буюмдардын жалпы салмагы 4 миң 952 кг, болжолдуу баасы 17 млн 332 миң сомду түзгөн. Фактылар КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 143