«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 4 экспресс-лаборатория иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ПЧРге анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын 4 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн.
Алар:
Маанилүү: «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.
“Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, — деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.