• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Манас» аэропортунда жыл башынан бери жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү

21 Чын куран 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

 «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2022-жылдын 3 ай аралыгында 993 миң 65 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 1-январынан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылды. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түздү.

«Эл аралык «Манас» аэропорту 5 миң 786 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 665 – ички, 4 миң 121 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 553 миң 579 кишини түздү. Алардын 191 миң 554 – ички, 362 миң 25 – эл аралык»,-деп жазылат маалыматта.

«Ысык — Көл» эл аралык аэропорту 89 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 73 — эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 10 миң 208 кишини түздү. Алардын 8 – ички, 10 миң 200 – эл аралык багытта.

«МЭА» ААКнын Ош филиалы 3 миң 181 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 551 – ички, 1 миң 630 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 429 миң 278 кишини түздү. Алардын 189 миң 344 – ички, 239 миң 934 – эл аралык багытка туура келет.

Количество просмотров: 54