• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“Манас” эл аралык аэропорту жаңы каттамдарды ачат

28 Аяк оона 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын октябрында Бишкектен Шарм-эль-Шейх жана Нячанг шаарларына түз каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 2-октябрдан тарта Шарм-эль-Шейх — Бишкек — ​​Шарм-эль-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Чартердик каттамдар кыш мезгилинде үзгүлтүксүз аткарылып, Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Ал эми 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдын Нячанг шаарынан шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

“Жаңы каттамдар Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы байланышты чыңдап, туризм жана бизнес алмашууну жеңилдетет”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 103