• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Манас Арабаевдин ордуна Санжар Исабаев келди

29 Бугу 2018 17:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.05. 2018. Govori. TV
Президенттин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башысы болуп Санжар Исабаев келди. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Санжар Исабаев 37 жашта. 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция адистиги боюнча окууну аяктаган. Юстициянын III класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Сотто улук референт, улук консультант, бөлүм башчы жана Жогорку Соттун төрайымынын жардамчысы болуп иштеген. 2015-жылы Президенттин Аппаратында, азыр өзү жетектөөгө келген бөлүмдө иштеп кеткен. 2016-жылдын апрелинен тарта Бишкек шаардык сотунда судья болуп иштеп келген.
Буга чейин Президенттин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башылыгын аркалап келген Манас Арабаев сот тармагында баш аламандык жаратып, саясий буйруктарды аткаргандыгынан улам нааразылыктар айтылып, кызматтан бошогон эле.
Количество просмотров: 15