• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртеңден тартып жаңы автобустук каттам ишке кирет

2 Жалган куран 202610:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында эртең, 3-марттан тартып жаңы №62 автобустук каттам ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин созулуп, экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.

Электробустар Б.Алыкулов көчөсү, Л.Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.

Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.

«Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт  жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланыларын эске салабыз», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Количество просмотров: 200