• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Манас Ордонун” кызматкерлери 20,6 млн сомду максатсыз пайдаланган

28 Кулжа 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

“Манас Ордо” комплексинин кызматкерлери 20,6 млн сомду максатсыз пайдаланган. Бул тууралуу Башкы прокуруратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган.

“Мындан тышкары, тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин муктаждыктары үчүн унаа сатып алууда жана КР президентинин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан”.- деп билдиришти башкы көзөмөл органынан.

Натыйжада, «Манас Ордо» комплексинин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 млн 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган.

Аталган факты боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1056