• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта “Манас-Ордо” комплекси ири реконструкциядан өтүүдө

13 Чын куран 202616:27 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда жайгашкан Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплекси ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Учурда административдик имараттын, галереянын, түлөөкананын, конгресс-холлдун жана коттедждердин дубалдары тургузулуп жатат.

Долбоорго ылайык, комплексте 300 орундуу конгресс-холл, административдик борбор, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле соода жана эс алуу галереясы курулууда.

Мындан тышкары, 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган.

Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Ошондой эле музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилип, улуттук өзгөчөлүктөр заманбап стильде чагылдырылат.

Белгиленгендей, “Манас-Ордо” комплекси акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу мындай ири реконструкциядан өтүүдө. Оңдоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөп жатат.

Количество просмотров: 87