Түркиянын Бурса шаарында 124 саат Манас айтып «Гиннестин рекорддор китебине» кирген манасчы Рысбай Исаков анын дарегине айтылган сындарга бүгүн, 6-октябрда өткөн маалымат жыйында комментарий берди.
Анын айтымында, сындын айтылып турганы жакшы.
«Манаска сындын айтылып турганы жакшы. Бирок негиздүү болушу керек. «Манаста Нурбек барбы?» деп жатышат. Күргүштөп айтып жаткан учурда манасчынын жан дүйнөсүндөгү нерсе аралашып кеткени айтуучулуктун табигый көрүнүшү. Аны кийин иргеп, аны кошпо деген эл болгон. Эгер күү менен айтылып кеткен болсо угарман өзүнүн ээлегинде, акыл чыпкасында бул кошумча, бул негизги окуя деп иргеп алган»,-деди манасчы.
Кошумчалай кетсек, Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентябрь аралыгында өткөн «Манас жумалыгында» манасчы Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталды.