• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Манасчылар «Манастын уулу Семетей» тасмасынын тартылышына эмнеге нааразы?

10 Баш оона 2021 13:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 10-августта манасчылар Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков жана Самат Көчөрбаевдер маалымат жыйын өткөрүштү.

Алар жакын арада тартыла баштаган «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын кемчиликтери бар экенин айтышууда.

«Мамлекет көзөмөлгө алса болмок. Бурмалоолор, Семетейдин кадырына доо кетирген, кыргызды жаман аттуу кылган нерселер бар. Сценарийде Жалил Сыдыковдун пьесасында, улуу манасчылардын айткандарында жок нерселер камтылган. «Манаска» батыныш үчүн, ошончолук билим керек. Биз тасма жаратуучулар менен жолугуп, суроолорубузга жооп ала албадык. Тасманын кайсы жери кыргыз элине дем берет деген суроого жооп болбоду», — деп билдирди Исаков.

Ал эми айрым манасчылар бул тасманын тартылышын токтотууну талап кылууда.

Эске салсак, Кыргызстанда «Манастын уулу Семетей» тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы жана «Семетей» эпосунун негизинде тартылууда.

Количество просмотров: 439