17-сентябрь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчыларды эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
«Аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналат», — деп айтылат маалыматта.