• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Марадонанын сөөгү мавзолейге коюлушу мүмкүн

21 Бештин айы 2020 13:46 Бишкек Govori.TV

Футбол легендаларынын бири, Диего Марадонанын сөөгү эксгумацияланып, атайын курулган мавзолейге коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, маркум футболчу бул тууралуу өлөр алдында адвокатына айтып, каалоосу тууралуу кат дагы таштап кеткен.

«Көп ойлонуп, көзүм өткөндөн кийин менин сөөгүм бальзамдалып, музейге коюлуп, уткан трофейлеримдин жана жеке буюмдарымдын арасында турса экен деген тилегимди айткым келет», — деп жазылган футболчунун катында.

Мавзолей куруу боюнча маалыматты легендарлуу футболчунун жарандык жубайы да тастыктап, бул идеяны маркумдун балдары да колдоорун айтышкан. 

Футбол дүйнөсүндө эбегейсиз орду бар футболчу Диего Марадона быйыл ноябрь айында 60 жашында көз жумган.

Диего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Ланус шаарында туулган. Аргентина курама командасына 91 беттеште ойноп, 31 гол киргизген. 1979-жылы жаштар арасында, 1986-жылы чоңдор менен дүйнө чемпиону болгон. Төрт ирет дүйнө биринчилигинде ойноп, 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында мыкты футболчу деп табылган. 1990-жылы дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы менен экинчи орунду ээлеген. Ал 37 жашка чыкканда спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.

Количество просмотров: 59