• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Месси «Барселонадан» кетти

6 Баш оона 2021 8:58 Бишкек Govori.TV

«Барселона» футболдук клубунда ойногон аргентиналык футболчу Лионель Месси аталган клуб менен келишимди узарткан жок. Бул тууралуу расмий маалымат футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анда эки тарап келишимди узартуу каалаганына карабай, Ла Лиганын экономикалык жана структуралык эрежелери буга жол бербестиги айтылат.

Клуб Лионель Мессиге «Барселонага» кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жеке жана профессионалдык жашоосуна ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Месси «Барселона» командасына 2004-жылы келип, ушул кезге чейин үзгүлтүксүз ойноп келген. Мунун аралыгында ал он чемпиондук титул жана алты жолу Испания кубогуна ээ болгон. Муну менен эле чектелбей, Чемпиондор лигасын төрт ирет жеңип, алты жыл «Алтын топ» алган.

Количество просмотров: 95