Бүгүн,19-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Анда Марипов Ооганстандагы акыркы окуялардын тездик менен өнүгүшү аймактык коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканына токтолду.
Улукбек Марипов белгилегендей, бул жолугушуу дүйнөлүк коомчулук коңшу Афганистандагы окуялардын тездик менен өнүгүүсүнө кооптонуу менен көз салып, аймактык коопсуздукка тийиштүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатат.
«Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз»,-деди Марипов.