• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди

21 Чын куран 2021 12:38 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты жазуучунун үй-музейинде өтүп, ага президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев, бир катар маданият ишмерлери жана Мария Айтматованын жакындары, санаалаштары катышты.

Белгилей кетсек, Мария Айтматова кечээ 79 жашка караган курагында дүйнө салган.

Айтматова Мария Урматовна — 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.

Количество просмотров: 125