• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Сооронбай Жээнбеков келди

26 Чын куран 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Узакка созулган катуу оорудан кийин кечээ, 25-апрелде Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты.

Бүгүн аны менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Ага Жакиевдин замандаштары, жакындары, бийлик өкүлдөрү, маданият адамдары катышууда.

Кошотошуу зыйнатына өкмөт башчы Улукбек Марипов, ЖК төрагасы ТАлант Мамытов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков да келди.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редактор кызматынан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРнын Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРнын Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Количество просмотров: 355