• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
Man in prison hands of behind hold Steel cage jail bars. offender criminal locked in jail.

Мас болуп алып эмнеге чатак салам дейм да

8 Аяк оона 202419:11 Бишкек Govori.TV

Москвадагы май куюучу жайлардын биринде анын кызматкери менен Кыргызстандын жаранынын ортосунда уруш чыккан. Милиция кызматкерлеринин айтымында, кыргызстандык мас абалда болгон.

Чыр-чатактын айынан кыргызстандык жаран май куюучу жайдын 65 жаштагы кызматкерин ур-токмокко алган, натыйжада тиги ошол жерден каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү кыргызстандык качып кетүүгө аракет кылып, бирок тез эле колго түшкөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, 6-сентябрда Кыргызстандын жараны мас болуп алып АЗСка келген. Анын кызматкери менен чатакташа кетип, сабап салган. Тиги болсо өлүп калган.

Азыр бул иш боюнча тиешелүү мыйзам беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, муну укук коргоо кызматкерлери катуу көзөмөлгө алышты.

Количество просмотров: 219