• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Масадыков: Орхан Инандынын уурдалышы Кыргызстан үчүн жаман тажрыйба болуп калды

6 Баш оона 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын түрк чалгындоосунун атайын операциясы менен уурдалышы Кыргызстан үчүн жаман тажрыйба болуп калды. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков ЖМКларга берген маегинин биринде билдирген.

«Кыргызстан ичинде катталган бул окуя жакшы эмес тажрыйба болуп калды. Менимче, кайсы жактан ката кеткенин иликтеп, баа беришибиз керек. Экинчиден, мындай окуя башка кайталанбашы керек. Үчүнчүдөн, бул саясий окуя болду. Анткени Түркия мамлкети көптөн бери бул маселени көтөрүп келе жаткан. Гүленчилерди өлкөдөн экстрадициялоо же өлкөдөн чыгаруу боюнча бир нече жолу мурунку президенттерге кайрылган. Садыр Жапаровго дагы кайрылыштыбы билбейм. Орхан Инандыда Кыргызстандын жарандыгы бар экен. Ошондуктан биздин жаранга мындай мамиле болгондон кийин башка жарандарыбыздын коопсуздугу канай сакталат? деген суроо жаралып жатат», — деди Масадыков.

Эскерте кетсек, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. 6-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Количество просмотров: 1653