• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

22 Бештин айы 202320:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-декабрда, Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.  Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 206