• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Маша менен аюу” Путиндик пропагандабы?

19 Жетинин айы 2018 11:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Times “Маша менен аюуну” путиндик пропаганда деп атады.
Times журналынын “Маша жана аюу” мультфильминдеги пропаганда тууралуу макаласы орус басылмаларында жана соцтармакта нааразылык жаратты.
Times өз материалында Helsingin Sanomat деп аталган фин гезитинин бүтүмдөрүнө таянган. Анда Таллин университетинин окутуучусу Приит Хыбемяги аюу Орусиянын -символу, анын милдети балдарда өлкө тууралуу оң көз карашты калыптандыруу экенин айткан.
Хыбемягинин пикиринде, мультсериал Эстониянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан кампаниянын бир бөлүгү.
Букингем университетинин адиси Энтони Глис “Маша адам чыдагыс адепсиз, ошол эле учурда чечкиндүү. Ал башынан да жогору секиргенге аракет кылат. Андан путиндик бир нерсени көрсө болот десем аша чаппайм”, -деди Times журналына.
Орусиянын мамлекеттик басылмалары болсо муну Батыштын прессасындагы  “патологиялык русофобия” деп атады.
Мурда Би-би-сиде иштеген журналист Леонид Рагозин болсо орустар деле Батыштын мультфильмдеринен пропаганда көрүп жүргөнүн эске салды. Ал РФ Думасындагылар Гарри Поттер же “Телепузики” орусиялык балдарга каршы багытталганын айтып чыгышканын белгиледи.
“Маша жана аюу” Орусия эле эмес, чет өлкөлөрдө да популярдуу мультфильм болду. YouTube`дагы англис тилдүү каналда 4 млн ашык жазылуучу бар. Бардык серияларды жалпы 40 млрд жолу көрүшкөн.
“Анимаккорд” студиясынын башчысы Дмитрий Ловейко мультфильм чыккан 10 жылдан бери мамлекеттен бир тыйын алышпаганын, “Маша жана аюу” таза коммерциялык долбоор экенин билдирди. Ал мультсериалды жаратууда эч кандай саясий чакырыктар тууралуу ойлонушпаганын кошумчалады.
Дагы башка популярдуу мультфильмдерди эмне үчүн сындашкан?
“Том менен Джерри”  мультфильминдеги кара терилүү үй кызматкери эсиңиздеби? Ошол каармандан улам мультфильмди этникалык жана расалык бөлүнүп-жарылууга себепчи деп айыпташкан.
2017-жылы америкалык аял “Аары Маянын окуялары” анимациялык сериалы боюнча доо жазган. Ал бир эпизоддогу дарактын кабыгынан эркектин жыныстык мүчөсүнүн элесин көргөн. Netflix көрүүчүнүн нааразылыгын жараткан эпизодду өчүргөн.
2010-жылы “Түштүк парк” америкалык тамашалуу мультфильминде аюнун кийиминдеги Мухаммед пайгамбардын сүрөтү катуу нааразылык жараткан. Авторлор аябай көп коркутууларга кабылган.
1936-жылы “Диснейленд”символу Микки Мауска Германияда тыюу салынган, Гитлер Уолт Диснейди еврей деп эсептеген.
Американын “Симпсондор” сериалы канчалык популярдуу болбосун, ар кайсы өлкөлөрдө сынга кабылып келет. Орус депутаттары мультфильмде зомбулук күч экенин айтышкан. Буга Американын айрым тургундары да макул. АКШнын мурдагы биринчи канайымы Барбара Буш “Симпондорду” мурда-кийин көргөндөрүнүн ичинен накта келесоолуктун символу деп атаган.
Булак: Би-би-си орус кызматы, Калыс Медиа
Количество просмотров: 20