Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн 3-июнда саат 16.00дө Govori.TV агенттигинде Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана журналист Али Токтакуновдун жолугушуусу түз эфирде өткөрүү пландалган.
Анда, “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун, “Кыргызстандан изи сууган миллиондор”-деген иликтөөсүндөгү жаңырган миллиондор жөнүндө сөз болмок.
Бирок, алгач эфирдин убактысын 14:00гө дайындаган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кайрадан көрсөтүүнү 16:00гө коюбузду суранып, редакция макул болгон эле. Бирок, Матраимов кайрадан эфирди 19:00гө жылдырууну суранган, бирок, журналист Али Токтакунов келген соң редакция эфирди белгиленген убакытта берүүнү чечти.