• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимов менен Ражабалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

22 Бирдин айы 2024 16:27 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовдун жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, бир добуштан кабыл алынды.

БШКнын чечими боюнча Матраимов менен Ражабалиев депутаттык мандаттарынан ажыратылып, алар шайланып келген бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо өтөт.

Белгилей кетсек, Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Количество просмотров: 187