• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко жазган арызын артка кайтарып алды

15 Чын куран 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна бөгөт чарасы боюнча жазган апелляциялык арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өткөн отурумда белгилүү болду.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовду 26-апрелге чейин камакта калтырган. Бул чечимге каршы Матраимовдун жактоочусу шаардык сотко кайрылган. Отурум 15-апрель, саат 13:50гө белгиленген.

Эске салсак, УКМК Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылганы белгилүү болгон.

Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралган.

Количество просмотров: 323