• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 67 адамга жетти

12 Баш оона 202315:59 Бишкек Govori.TV

Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 67 адамга жетти.

Аралда өрттөн жана истен жаныбарлар да кырылды. Ошондой эле 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады.

Associated Press агенттиги баньян дарагынын күйгөн бутактары менен кошо мышыктар жана тооктор да күйүп кеткенин сүрөттөп жазды.

«Мауинин гуманитардык коомчулугу» бирикмеси өрттөн жаракат алган жаныбарлар да аябай көптүгүн билдирип, коомчулуктан жардам сурады. Бирикменин Фейсбуктагы баракчасында Maui Fires Pets Help Group деп аталган атайын баракча түзүлдү.

Гавайиде АКШда «Кызыл китепке» киргизилген өсүмдүктөрдүн 44% өсчү. Окумуштуулар азырынча алардын канчасы жок болгонун тактай албай жатышат. Айрымдары калыбына келгенче дагы ондогон жылдар талап кылынышы ыктымал.

Количество просмотров: 126