• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мээрбек Мискенбаев, “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыраарын мага Фарид Ниязов айткан…“

22 Жалган куран 2018 13:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03. 2018.  Govori.TV
«Асылбек Жээнбеков мени «провокатор» дегендей агасы же аялы менен уруштурган жокмун….». Бул тууралуу «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев SUPER.KG порталына билдирген.
Сайттын жазганына караганда, Мискенбаев аны ата-энеси татыктуу кылып өстүргөнүн, аны коркутуу натыйжасын экенин, убагында Бакиевдин адамдары да аны катуу кысымга алып, натыйжа чыгара албаганын абилдирип, фракция депутаттары колдобой жатканынан нааразы экендигин айткан.
“Президенттик шайлоонун алдында сентябрда Таластын эли Сооронбай Жээнбековдун бир туугандары бийликке кийлигишпейби деп сурашкан. Ошол учурда мен штаб жетекчиси Фарид Ниязовдон сураганда Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыра турганы тууралуу сөз болгон. Эми айткандын оозу жаман болуп, мени жаман көрүп жатышат. Убакыт өткөндөн кийин эл мени колдойт. Асылбек Жээнбеков Жаныш Бакиевден үлгү албаптыр. Мени коркуткандары натыйжасыз экенин дагы бир жолу айткым келет. Өлтүрүп эле коюшпаса эч кимисинен коркпойм», — деген ал.
Эске сала кетсек, Асилбек Жээнбеков Мээрбек Мискенбаевди “чагымчы” деп сыпаттаган болчу.
Количество просмотров: 35