• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Медер Ирсалиев Социалдык Фонддун башчылыгына дайындалды

22 Бугу 2018 21:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.05.2018.Govori.TV
Медер Ирсалиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалымат боюнча,  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Ирсалиев Медер Эсенгулович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы болуп дайындалган.
Эске сала кетсек, Соцфонддун мурдагы төрагасы Теңизбек Абжапаров Салык кызматынын төрагасы болуп дайындалган эле.
Количество просмотров: 16