Жогорку Кеңеште Чыңгыз Ажибаевдин ордуна депутат Медербек Алиев парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Добуш берүү 26-февралда өтүп, Алиевдин талапкерлигин 74 депутат колдосо, үчөө каршы чыкты.
Ушул эле күнү Чыңгыз Ажибаев өз каалоосу менен биринчи вице-спикерликтен кеткен.