• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Медеткан Шеримкулов: Кыргызстандын келечеги жаштар

31 Баш оона 2022 18:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын келечеги жаштар. Мындай пикрин легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин тагдыры, элдин келечеги өсүп келе жаткан муундарга өтөт.

«Кийинки муунга эгемендүүлүктүн баркы менен баасын жеткирүүдө улуу муундардын ролу өтө жогору. Жаштарды сен туура эмес иш кылып жатасың, жалкоосуң дегендин ордуна патриот кылып көндүрүшүбүз керек. Таалим-тарбиябызды беришибиз зарыл. Себеби жаштар бүгүнкү жана эртеңки келечегибиз. Мамлекетти биз колубуздан келишинче түптөдүк, түтүнүн булаттык, пайдубалын курдук. Эми ошол бойдон токтоп калбашы керек да. Ал кимдин мойнуна өтө турган жүк? Албетте, жаштардын. Мамлекеттин тагдыры, элдин келечеги өсүп келе жаткан муундарга өтөт. 1991-жылы жарык дүйнөгө келген балдар мына бүгүн 31ге чыгып отурат»,-деди Шеримкулов.

Количество просмотров: 108