• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК Медеткан Шеримкуловго 7,5 миң сом айып салды

22 Жетинин айы 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медеткан Шеримкуловго  айып пул салды.

БШКнын 21-ноябрда өткөн жыйынында талапкер Шеримкулов өзүнүн социалдык баракчасына орусиялык саясатчы Валентина Матвиенконун сүрөтү колдонулган видеону жарыялаганы белгилүү болгон. Партиянын өкүлү бул видеону жайгаштыруу боюнча келишим түзүлгөнүн айтты.

БШК мүчөлөрү 21-ноябрдагы жыйында бул маселени карап, Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренесинин негизинде Медеткан Шеримкуловго 7,5 миң сом айып салышты.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер башка мамлекеттердин саясий лидерлеринин сүрөттөрүн жарыялап, үгүткө колдонбошу керек.

Количество просмотров: 147